Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

БУУнун Сириядагы гуманитардык миссиясы убактылуу токтоду


Сирия.
Сирия.

Улуттар уюму 18-августтан тарта Сириядагы гуманитардык миссиясын убактылуу токтотту. Уюмдун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура билдиргендей, буга согуштук аракеттердин күчөгөнү түрткү болду. Анын айтымында, августта гуманитардык жүк ташыган бир дагы кербен Сириядагы курчоого алынган райондорго, анын ичинде Алеппого жеткен жок.

Мистура гуманитардык жардам жеткирүү үчүн 48 саатка согушту токтотуп турууга тараптарды чакырып, АКШ менен Орусия тынчтык үчүн көп аракеттениши керектигин белгиледи. Буга чейин орус бийлиги Алепподо күн сайын үч саат ок атышууларды бир тараптуу токтотууга даяр экенин жарыялаган. Бирок, БУУ бул мөөнөт жетишсиз экенин айтууда.

Жыл башынан бери Улуттар уюму тарабынан Сирияга жүздөн ашык гуманитардык кербен жиберилген. Өлкөдө 600 миңге чукул адам курчоодо калып, азык-түлүк жана дары-дармекке муктаж.

XS
SM
MD
LG