Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

Артыковдун машыктыруучулары допинг тууралуу билдирүүлөргө макул эмес


Иззат Артыковду "Манас" абамайданында тосуп алуу.
Иззат Артыковду "Манас" абамайданында тосуп алуу.

Иззат Артыковдун машыктыруучулары анын канынан допинг табылды деген маалыматты четке кагууда. Оор атлетика боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Үсөнкан Майназаровдун «Азаттык» радиосуна билдиришинче, кыргыз тарап допинг боюнча чечимдин үстүнөн Спорттук арбитраждык сотко кайрылууну көздөп жатат. Анын айтымында, спортчунун канында кызытма болушу мүмкүн эмес. Ал допинг каражатын эмес, Flash деген кубат берүүчү суусундукту колдонуп жүргөн.

Кечээ Спорттук арбитраж сотунун (САС) допингге каршы бөлүмү кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыковдун канынан стрихнин аттуу кызытма табылганын жарыялаган. Артыков Олимп оюндарынан четтетилгенин, анын коло медалы жокко чыгарылып, кайтарып алынышы керектигин билдирген. Иззат Артыков жеңген коло медал Кыргызстан үчүн ушул күнгө чейин жалгыз байге болчу. 10-августта Артыков оор атлетика боюнча 69 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, Кыргызстанга алгачкы жеңишти алып келген эле. Спорттук арбитраж сотунун тыянагынын үстүнөн Олимп оюндары аяктаган соң аппеляцияга кайрылууга болот. (NT)

XS
SM
MD
LG