Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36

СССРди тараткан ГКЧПга чейрек кылым болду


ГКЧП башчылары.
ГКЧП башчылары.

Бүгүн тарыхта ГКЧП деген ат менен калган Советтер Союзундагы мамлекеттик төңкөрүшкө туура 25 жыл болду. 1991-жылы 19-21-август күндөрү компартия менен КГБдагы консервативдүү күчтөр СССР президенти Михаил Горбачевго каршы төңкөрүш уюштурган. Бирок алар өз максатына жетпей, тескерисинче СССРдин кулашын тездеткен. 1991-жылы 24-августта Михаил Горбачев КПССтин баш катчылык кызматын тапшыргандыгын жарыялаган.

Жыл сайын бул күнгө карата Кыргызстанда Коммунисттер партиясы илимий жыйын, митингдерди уюштуруп келчү. Быйыл эч кандай иш-чара өтпөй турганын партиянын өкүлү Улукман Калыбеков "Азаттык" радиосуна билдирди.

17-августта Орусия баш калаасы Москванын мэриясы оппозициянын ГКЧПнын 25 жылдыгына карата өткөрө турган акцияларына уруксат берген жок. (NT)

XS
SM
MD
LG