Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:29

Эгемендүүлүк күнүнө карата мунапыска илингендер бошотула баштады


Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы Кыргызстан эгемендик алганынын 25 жылдыгына жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата мунапыс алгандарды эркиндикке чыгара баштады.

Мунапыска чыккандарды бошотуу 9-ноябрга чейин жүргүзүлөт. Бул мүмкүнчүлүктөн түрмөдөн качкандар да пайдалана алышат. Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтан маалымдашкандай, алгачкылардан болуп, 17-август күнү К.М. атуу киши бошотулду. 2012-жылы уурулук үчүн соттолуп камалган К.М. эркиндикке чыгарына эки жыл калганда, 2016-жылдын 17-июлунда качып кеткен. Бирок 26-июлда кайтып келген.

Кылмыш кодекси боюнча, абактан жана башка жабык жайлардан качкандар дагы үч жылга чейин эркинен ажыратылат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG