Линктер

Германиянын ички иштер министри паранжа кийүүгө тыюу салууга чакырды


Иллюстративдик сүрөт.

Иллюстративдик сүрөт.

Германиянын ички иштер министри Томас де Майзиер бүгүн 19-августта теле маегинде мусулман аялдар коомдук жайларда бетин толугу менен жапкан паранжа кийүүдөн баш тартышы керектигин айтты.

- Биз аялдарды бетин көрсөтүп жүрүүгө милдеттендирген мыйзамдуу талап киргизишибиз керек. Унаа айдап баратканда, коомдук кеңселерде, мектеп жана университеттерде, соттордо жана башка жарандарга кызмат көрсөтүлүүчү жерлерде аялдардын бети ачык болушу керек,- деди Томас де Майзиер.

- Бурка же паранжага биздин өлкөдө орун жок жана биздин аялдын коомдогу орду тууралуу түшүнүгүбүзгө ал таптакыр айкалышпайт,- деп билдирди министр.

Аз илгерээк Германиянын канцлери Ангела Меркел да бул тууралуу пикирин билдирген. Ал паранжа кийип, бетин жаап жүргөн аялдардын коомго аралашуусу кыйын болорун айтып, бирок бул "татаал саясий маселе" экендигин билдирген.

Германияда төрт миллион мусулман жашайт. Бирок паранжа кийгендердин так саны жок.

XS
SM
MD
LG