Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:52

Трамптын жардамчысы Януковичке шайлоо учурунда жардам бергени айтылууда


Дональд Трамптын кеңешчиси Паул Манафорт.

Дональд Трамптын кеңешчиси Паул Манафорт.

Дональд Трамптын шайлоо кампаниясын жетектеген Паул Манафортко караштуу компания Украинадагы шайлоодо Януковичти колдогонун далилдеген электрондук каттар бар экендигин Associated Press маалымат агенттиги жазып чыкты. AP агенттигинин ырасташынча, Манафорт мындай иш-аракеттерин жашырып, мыйзам талап кылган жоболордон баш тарткан.

Электрондук каттар көрсөткөндөй Паул Манафорт жана анын орун басары Рик Гейтс башкарган лобби компания Америка коомчулугунун пикирин Украинанын мурунку президенти Виктор Януковичтин пайдасына бурганга аракет кылган.

Учурда Трамп Орусияга жан тарткан мамилеси үчүн катуу сынга алынып келет. Ал эми Манафорттун Орусия менен байланышы бар экендиги андай маанайды күчөтүшү ыктымал.

Манафорт менен Гейтс Трамптын шайлоо компаниясын апрель айынан бери жетектеп келишет. Манафорт өзү Орусия же Украин бийлигине эч качан түздөн-түз колдоо көрсөтпөгөнүн айтты.

18-августта Украинанын Улуттук коррупцияга каршы бюросу Януковичтин партиясынын эсеп китепчелеринен Манафортко 12 миллион АКШ доллары берилгендигин далилдеген кагаздарды таап чыккан. Бирок ал кагаздарда Манафорт акчаны алгандыгы же албагандыгы тууралуу маалымат жок. Анын адвокаттары да мындай айыптоолорду четке кагууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG