Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Саакашвилинин жубайы Грузиядагы парламенттик шайлоого катышкысы келет


Сандра Руловс
Сандра Руловс

Грузиянын мурунку президентинин аялы, нидерланддык Сандра Руловс 8-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышарын айтты.

Бул тууралуу ал Михаил Саакашвилинин "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясынын шайлоо алдындагы чогулушу учурунда сөз сүйлөп жатып билдирди. Анын талапкерлиги парламентке Абхазия менен чектеш Зугдид районунан көрсөтүлмөкчү.

Руловс Корцхели айылындагы митингде сүйлөп жатып, өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Грузия өнүкпөй калганын, "Орусия Грузия качан Кремлдин колуна тиет" деп күтүп турганын айткан.

Анын айтымында, Грузиянын эли "Бирдиктүү улуттук кыймыл" оппозициялык партиясына добуш бериши керек. Анын күйөөсү, учурда Украинанын Одесса облусунун губернатору Михаил Саакашвили Грузияга кайтып келген соң "мурунку каталарды кайталабашына" сөз берген.

Сандра Руловс Нидерланддын жараны. Президент Саакашвили өлкөдөн качып кетеринин алдында ага экинчи жарандык алып берген. Грузияда Саакашвилиге "каражатты өлчөмсүз сарптаган" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айыптар менен кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG