Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Сириялык жаш баланын видеосунан кийин Орусия ок атууну эки күнгө токтотот


Алеппо шаарынын кичинекей тургуну аба соккуларынан кийин ураган үйдүн алдында аман калган видео интернетке кеңири тараган соң, Орусия ок атышууларды 48 саатка токтотууга макул болду.

Канжалаган бети-башын чаң басып, көздөрү алаңдаган кичинекей беш жаштагы баланын сүрөтү жалпы эле Алеппо шаарынын акыбалын чагылдыргандай. Бир нече айдан бери Алеппо орусиялык учактардын аба соккуларына кабылып келет.

"Бул жаш баланын өмүрүндө анын өлкөсү согушсуз, өлүмсүз, ачарчылыксыз жана талкалоосуз бир да күндү кечирген эмес",- деди АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Жон Кирби.

Кийинки жумага пландалган атышууларды эки күнгө токтотуу Алеппого гуманитардык жардам жеткиргенге мүмкүнчүлүк берип, кийин да ок атышуудан баш тартууга жол берери мүмкүн экендигин Орусия генералы Игорь Конашенков 18-августта билдирди.

Ал БУУга гумжардам жеткирүүгө Орусия көмөктөшөрүн кошумчалады.

XS
SM
MD
LG