Линктер

Сегизбаев: Террордук жана экстремисттик уюмдарды ашкерелөө аракеттери жүрүп жатат


Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев 19-августта президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болгон кезде билдирди. Ал ошондой эле өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу, террористтик жана экстремисттик уюмдардын ишмердигин токтотуу чараларын күчөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан комплекстик иштер тууралуу президентке маалымат берди.

Мындан тышкары Абдил Сегизбаев терроризмге каршы чаралардын натыйжалуулугун арттыруу үчүн көрүлүп жаткан аракеттер жана жакында өтө турган эл аралык иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыз кылууга коопсуздук кызматынын атайын бөлүктөрүн даярдоонун жүрүшү жөнүндө да мамлекет башчыга айтып берди.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG