Линктер

Түркияда элчиликтин өкүлү абакта отурган кыргызстандык кыз менен жолукту


Өкүл Түркиянын Конья шаарында “күйөөсүн өлтүргөн” деп айыпталып, камалып турган кыргызстандык кыздын сөзүн укту. Ошондой эле кыргызстандык кызга элчиликтин укуктук-консулдук жардамы көрсөтүлүп, кеңештер берилди. Мындан тышкары элчиликтин өкүлү айыпталып жаткан кызга түрк мамлекети тарабынан берилген адвокат менен сүйлөшүп, каралып жаткан иштин мындан аркы жүрүшү тууралуу маалыматтарды алды.

Учурда “күйөөсүн өлтүргөн” деген айып менен тергөө абагында отурган кыргызстандык кыздын үстүнөн тергөө жана сотко чейинки амалдар жүргүзүлүүдө. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги бул маселени өз көзөмөлүнө алган жана сот жараяндарына да катышууну көздөөдө.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Август айынын башында 26 жаштагы кыргызстандык кыз Конья шаарынын тургуну Муаммер Башактын өлүмү үчүн шектелип кармалган.(ZKo)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG