Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:03

Путин Украинаны Минск келишимин аткарбай жаткандыгы үчүн айыптады


Владимир Путин аннексияланган Крымдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында
Владимир Путин аннексияланган Крымдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында

Орусиянын президенти Владимир Путин аннексияланган Крымда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып Украинаны Минск келишимдерин "аткарбай же аткаргысы келбей жатканы" үчүн айыптады

Путин ошондой эле Москва Киев менен дипломатиялык алакаларын үзбөй тургандыгын, тескерисинче "жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөөгө даяр" экендигин белгиледи.

ФСБнин 10-августта "Крымда украиналык чалгынчылар тарабынан уюштурулуп жаткан терактын алдын алып, диверсанттарды кармадык" деген билдирүүсүнөн кийин Орусия менен Украинанын мамилелери бузулуп, чыңалуу күчөгөн. Украин президенти Петро Порошенко мындай айыптоолорду четке кагып, чек арадагы аскердик күчтөрдүн согушка даярдыгын күчөтүүгө буйрук берген.

XS
SM
MD
LG