Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Рио-2016: Айаал Лазарев польшалык балбан менен беттешет


Айаал Лазарев
Айаал Лазарев

Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан отуз биринчи жайкы Олимп оюндарында бүгүн кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбан Айаал Лазаревге 1/8 финалдагы беттеште Европанын вице-чемпиону, польшалык Роберт Баран чыгат. Бул тууралуу оюндардын расмий сайты кабарлады. Бүгүн эркин күрөш боюнча эки медалдар топтому ойнотулат. Лазарев 125 килограммга чейинки салмактагылар арасында күч сынашат.

Түпкү теги якутиялык спортчу Айаал Лазарев 2009-жылдан бери Кыргызстандын атынан эл аралык мелдештерге чыгып жүрөт. Ал буга чейин Астанада өткөн азиялык лицензиялык мелдеште Олимп оюндарына жолдомо алган. 2015-жылы Азия чемпиону болгон. (NT)

XS
SM
MD
LG