Бразилияда өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында балка ыргытуу боюнча тажикстандык жеңил атлетчи Дилшод Назаров алтын байге алды. 19-августта өткөн финалдык мелдеште Дилшод Назаров атаандаштарынан озуп, чемпион болду. Күмүш байге белорусиялык Иван Тихонго, коло польшалык Войцех Новицкийдин энчисине тийди. Бул Тажикстандын тарыхында Олимп оюндарында уткан алгачкы алтын медал болуп калды.