Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:45

Аба ырайы: жаан жаайт


Кыргызгидрометеорология агенттиги маалымдагандай, 20-августтан 22-августка чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Ал эми 21-августта Ысык-Көл, Нарын облустарында, кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;

Суусамырда түнкүсүн -1…+4, күндүз 19…24;

Талас облусунда түнкүсүн 9…14, 26…31;

Баткенде түнкүсүн 15…20, күндүз 27…32;

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 22…27;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкекте 21-августта жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 30…32 градус ысыйт.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 20-августта эртең менен 20 градусту түздү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG