Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:34

Ошто сот адамдарды Сирияга азгырган деп күнөөлөнгөн уланды бошотту


Ош шаардык соту 20-августта Сирияга адамдарды азгырган деген шек менен кармалган 18 жаштагы уландын ишин карап, аны эч жакка чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде бошотту. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат кызматынан "Азаттык" радиосуна билдиришти. Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылынын тургуну, “Абдуллох” деген каймана аттуу 18 жаштагы жаран башкаларды Сириядагы согушка барууга үндөп жүргөнүн милиция аныктаган.

Маалыматка караганда, ал интернет аркылуу учурда Сирияда жүргөндөр менен байланышып, жакында алардын катарына кошуларын да билдирген. 18-августта Ош шаарындагы “Космонавттар” паркында өзү менен кошо Сирияга кетүүгө үндөп жүргөн киши менен жолугушкан кезде кармалган. Анын уюлдук телефонунан "Ислам мамлекети" террордук тобуна тиешелүү тасмалар табылган. Ошондой эле Одноклассники, Whatsapp социалдык тармактарында да “жихадга” чакырган үгүт маанисиндеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн тартип коргоо органы кабарлаган. Азыр анын шериктерин да аныктоо, иликтөө иштери уланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG