Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Түндүк Корея бозгун дипломатты бачабаздык кылган деп айыптоодо


Түндүк Кореянын Лондондогу элчисинин орун басары Тхэ Ен Хо тууралуу берилип жаткан кабар. Түндүк Корея, 20-август, 2016-жыл
Түндүк Кореянын Лондондогу элчисинин орун басары Тхэ Ен Хо тууралуу берилип жаткан кабар. Түндүк Корея, 20-август, 2016-жыл

20-августта Түндүк Кореянын жалпыга маалымдоо каражаттары Улуу Британиядан Түштүк Кореяга өтүп кеткен дипломатты бачабаздык кылган жана мамлекеттик каражаттарды мыйзамсыз короткон деп айыптаган маалымат таратышты. Мындай жазадан кутулуу үчүн ал Түштүк Кореяга өтө качканын жазып чыгышты.

Дипломаттын аты-жөнү айтылган жок, бирок Сеул шаршембиде Түндүк Кореянын Лондондогу элчисинин орун басары Тхэ Ен Хо үй-бүлөсү менен келгенин жарыялаган. Тхэ тышкы дүйнө үчүн жабык болгон Түндүк Кореядан акыркы жылдары качып чыккан биринчи жогорку даражалуу аткаминер болуп калды.

Мамлекеттик ЦТАК агенттиги дипломат бюджеттик акчаны уурдаганы, жашыруун сырды сатканы жана балдарды зордуктаганы үчүн июнда чакыртылып алмай болгонун, Пхеньян бул тууралуу Лондонду кабардар кылып, аны өткөрүп алууну талап кылганын кабарлады. Ошол эле маалда аталган маалымат агенттиги Улуу Британияны "паспорту жок качкынды Түштүк Кореяга берүү менен өз аброюна көлөкө түшүрдү" деп сындады.

Британиянын тышкы иштер министрлиги буга жооп кайтара элек.

XS
SM
MD
LG