Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Бурадар, сиз канча сөз билесиз?


Бейтааныш сөздөр
Бейтааныш сөздөр

20 жаштагы англис тилдүү америкалык 42 000 сөз билет. Окумуштуулар Кытайда жүрөк дартынын өсүүсүн элдин Батыштын жашоо жолоюна ык тартуусу менен түшүндүрүштү. Электробустардын аккумуляторун 15 секундда заряддоочу система жасалды. Жөргөмүштү кул кылган мите аарылар.

Англис тилдүү америкалык канча сөз билет?

Жыйырма жаштагы англис тилдүү америкалык “Англис тилинин сөздүгүндөгү” 42 000 сөздү билет. Мындай бүтүмдү Бельгиянын Гент университетинин (Ghent University) профессору Марк Брайбэд (Marc Brysbaert) башында турган окумуштуулар тобу атайын өткөрүлгөн изилдөөдөн кийин жасашты. Анын билдиришинче, нидерланд тараптын өтүнүчү боюнча жүргүзүлгөн изилдөөгө биринчи аптада 300 миңден көп нидерланд тилдүү жана 1 миллиондон ашуун англис тилдүү адам катышкан. Интернет аркылуу өткөрүлгөн тест төрт мүнөткө созулуп, катышуучулар экранда жанган 70 сөздү жана сөздөй тизилген, бирок мааниси жок жасалма 30 сөздү таанышы керек болчу. Бул изилдөө 20 жаштагы англис тилдүү америкалык сөздүктөгү 42 миң сөздү билерин аныктаган. Frontiers in Psychology журналына жарыяланган макалага караганда, адам жашы жогорулаган сайын ар эки күндө жаңы бир сөздү үйрөнүп отурат. Ошондо 60 жашка жеткенде мурдагы сөз байлыгыбыз 6000 сөзгө көбөйөт экен.

“Нидерландияда элдин 95 проценти билген сөздөр элдин баары билген сөздөрдөй эле көп колдонулат. Ага карабастан, адамдар элдин баары билген сөздү тез таанышат. Эл арасында кеңири жайылган сөздөр изилдөөнүн ачкычы болоруна биз ишенебиз,”-дейт профессор Брайбэд.

Тесттин натыйжасы дагы так болуусу үчүн илимпоз болочоктогу экспериментинде 75 000 сөздү сунуш этмек болууда. “Бул XXI кылымдын башындагы бизге жакшы маалым англис сөздөрүнүн картинасын берет. Келечекте лингвисттерге англис тили өткөн 100 жылда, балким андан узак мезгилде кандай өнүккөнүн билүү кызык болот деп ойлойм,”-дейт Брайборд.

(Булагы https://www.sciencedaily.com)

Жөргөмүштү маңкурт кылган мите аарылар

Финляндиянын батыш бөлүгүн байырлаган Clistopyga түркүмүндөгү аарылардын жумурткасын таштачу ийнеси уу да бөлгөнүн илимпоз-биологдор аныкташты. Алар ийнесин пайдаланып, жөргөмүштөрдүн желесин кийиздей ийлеп, бир нече катмар кылып салат. Натыйжада желе арахнида (лат. Arachnida) жөргөмүшү чыга алгыс капаска айланат. Аары муну менен жарым шал болуп калган жөргөмүштүн денесине таштаган жумурткадан өсүп чыккан баласынын беймарал өсүүсүн да камсыз кылат. Бул тууралуу Лондондо чыкчу Biology Letters журналы соңку санында жазды.

Былтыр Кобэ университетинин окумуштуусу Кейдзо Такасука айым (Keizo Takasuka) Жапонияны байырлаган Reclinervellus nielseni мите аарысы Cyclosa argenteoalba жөргөмүшүн маңкуртка айлантып алып, өз жумурткаларын таштоо үчүн желе соктурганын аныктаган. Береги жөргөмүштү “тилсиз жана эрксиз” кулга айлантуу анын курсагына аарынын жумурткасын таштоодон башталат. Ал жумурткадан личинка өнүп чыккан соң маңкурт болуп калган жөргөмүш ага өңү ар кыл болуп кубулган желе согуп берет. Мындай түстүү желени чымчыктар узактан байкап, айланып учушат жана үзүшпөйт. Маңкурт жөргөмүш түстүү желени токуп бүткөндөн кийин аарынын личинкасы аны өлтүрүп, денесин желеден ыргытып таштайт.

(Караңыз: http://rsbl.royalsocietypublishing.org, http://experimentalbiology.org)

Женева автобустарды электромобилдерге алмаштырат

Атактуу көп тармактуу АВВ (Asea Brown Boveri Ltd) корпорациясынын инженерлери автомобилдердин аккумляторлорун ыкчам заряддап берчү системаны жасады. Ушу тапта Швецариянын Женева шаарында сыноодон өткөрүлүп жаткан электроавтобустардын 600 киловаттык аккумляторун заряддаганга ал аялдамада токтоп турган учурдагы 15 секунд жетиштүү. Бир заряд менен электроавтобус дагы үч-төрт аялдаманы басып коёт. Ал эми каттамдын аягында 73 квт/сааттык бардык батареялары 4-5 мүнөт аралыгында заряддалат.

АВВ компаниясынын аккумляторду тез заряддоочу системасы (TOSA) автомобилдердин батареяларын заряддоодо революциялык өзгөрүш деп айтылууда. Себеби, электроавтомобилди заряддоо үчүн аба аркылуу тартылган электрокабелдин кереги жок. Андан тышкары электроавтомобиль дизель майын жаккан автобустардай абаны булгабайт жана катуу добуш чыгарбайт. Бир электробусь бир жылда дизелдик автобуска салыштырмалуу 1000 тонна көмүр кычкыл газын абага бөлбөй сактаганга мүмкүндүк берет.

Болочокто Женева шаарынын четин жергиликтүү аэропорт менен туташтырган Line 23 электробусу каттачу жолдо 13 тез зарядоочу система орнотулмакчы. 2018-жылы долбоор толук ишке киргенде Praille-Acacias-Vernet жаңы конушу менен Женеванын ортосунда ар 10 мүнөттө электробустар каттап, күнүнө 10 миңден көп жүргүнчү ташып калат.

АВВ швейцариялык-швециялык концерн. Анын баш кеңсеси Цюрихтен орун алган. (Булагы:http://www.abb.com)

Жүрөктүн сиз билген душмандары

Окумуштуулар Кытайда жүрөк дартынын өсүүсүн кытайлардын Батыштын жашоо жолоюна ык тартуусу менен түшүндүрүштү. Өлкөдө береги дартка катар кан басымынын өзгөрүүсүнөн, канда холестрол менен глюказанын көбөйүүсүнөн жапа чеккендер жана салмагы нормадан ашыкча адамдар (семиздер) көбөйгөн; чылым тартуу жана физикалык көнүгүүлөрдү жасабоо же активдүү эс алууга (спортко) маани бербөө, тамак мүнөздөп ичпөө (диетаны сактабоо) жогоруда аталган илдеттердин жайылышына өбөлгө түзүп, коом үчүн чоң көйгөйгө айланган. Илимпоз-физиологдор алдагыдай жыйынтыкты 1991-2011-жылдар арасында 26 миң кытайдын саламаттыгына байланыштуу маалыматтарды изилдөөнүн натыйжасында жасашты.

Пациент жана доктор
Пациент жана доктор

2011-жылы 3.1 миллион адам кан басымы көтөрүлүп кетип, 1.4 миллиону кандын курамындагы нормадан ашыкча холестролдун айынан жана 0.9 миллион адам канда кант (глюкоза) көп болуп кеткенден улам жүрөгүнөн окус болгон. Ошол жылы 35 жаштан жогору курактагы 6.8 миллион адам көз жумса, алардын 3 миллион чамалуусу же 44% жүрөгүнөн улам жан берген. Соңку 30 жылда Кытайда кан басымы жогору адамдардын саны кескин көбөйгөн. Жүрөгү жарылып, каза болгондордун 40% жакыны кан басымынын жогорулоосунан жабыркаганын изилдөө көрсөткөн. Көп кыймылдабоонун жана кеңседе отуруп иштегендердин көбөйүүсүнөн улам жүрөгү жарылып өлгөндөр 0.7 миллионго, ал эми семиздиктен айынан жүрөгү окустагандар 0.6 миллионго өскөн.

2011-жылы чылымдын кесепетинен 1.3 миллион адамдын жүрөгү токтогон. Кытайда чылымкорлор азайганы менен дагы деле эркектердин 54% чылым чегет. “Кытай жүрөк дартынын эпидемиясына бет келди жана анын азаят деп айтканга эч кандай жышаана жок,”-дейт АКШдагы Гарвард университетинин Коомдук саламаттык мектебинин (Harvard T.H. Chan School of Public Health) профессору Фрэнк Ху (Frank Hu).

(Караңыз: https://www.hsph.harvard.edu, http://www.japantimes.co.jp)

-- --- --- ----- ----

Бурадар деген жолдош, теңтуш, курдаш деген эле сөз. (Кыргыз тилинин сөздүгү).

XS
SM
MD
LG