Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Сочи олимпиадасындагы орусиялык спортчулардын допинг-тестти кайра текшерилет


Эл аралык олимпиада комитети 2014-жылы Сочиде өткөн кышкы Олимп оюндарында алынган орусиялык спортчулар командасынын бардык допинг-тесттерин кайра текшерет. Бул тууралуу 20-августта аталган комитеттин төрагасы Томас Бах билдирди.

Анын айтымында, ар бир спортчуга карата өзүнчө чечим чыгарылат. Комитет аларды квалификациядан ажыратуу, кийинки Олимп оюндарынан четтетүү жана медалдарды кайра бөлүштүрүү маселесин да талкуулашы мүмкүн. Эгерде Дүйнөлүк допингге каршы агенттигинин мурунку бардык корутундусу аныкталса, комитет Орусиянын Спорт министрлигинин расмий өкүлдөрүнө санкция киргизет.

18-июлда Эл аралык допингге каршы агенттик өз докладын жарыялаган. Анда орусиялык допингге каршы агенттиктер өз спортчуларынын анализдерин алмаштырып келгени жана буга Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын да катыштыгы бар экени жазылган.

Эл аралык Олимпиада комитети бул фактыларды “бүтүндөй дүйнө спортуна жана Олимпиада оюндарына” каршы жасалган сокку деп баалаган.

XS
SM
MD
LG