Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:25

22-августтун аба ырайы


Кыргызгидрометеорология агенттиги маалымдагандай, 22-августка чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

22-августта кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 19…24;

Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Баткен облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33;

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Нарында түнкүсүн 4…9, күндүз 22…27;

Бийик тоолуу райондордо: түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11 градус жогору болот.

22-августта Бишкекте күндүз күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн 14…16, күндүз 28…30 градуска чейин ысыйт.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 21-августта эртең менен 21 градусту түздү.

XS
SM
MD
LG