Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:01

Адвокаттар бирлиги бийликти Баш мыйзамды өзгөртүүдөн баш тартууга чакырды


Конституцияны өзгөртүүгө каршы өткөн митингддердин бири
Конституцияны өзгөртүүгө каршы өткөн митингддердин бири

Кыргызстандагы Адвокаттар жамааты Баш мыйзамды өзгөртүү сунушуна тынчсызданган билдирүү таратты. Анда 2010-жылдын 27-июнундагы жалпы элдик добуш берүүдө кабыл алынган Баш мыйзамды өзгөртүүдөн мурун аны коомдо жакшылап талкуулоо зарылдыгы белгиленген.

"Конституция 2020-жылдын 1-сентябрына чейин өзгөрбөйт деген мораторийди эске алуу менен Кыргызстандагы Адвокаттар жамааты бийликти алгач бул маселени кеңири коомдук талкууга алып чыгып, юридикалык жана эксперттик коомчулуктун пикирлерин угууга үндөйт", - деп айтылат.

27-июлда парламенттеги КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана "Бир бол" фракцияларынын лидерлери Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун өз ара макулдашып, ал коомдук талкууга коюлган. Оппозиция жана жарандык активисттер бул демилге бийликти узурпациялоого алып келет деп кооптонушууда. (NT)

XS
SM
MD
LG