Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:02

Египетте куралчан киши эки полиция кызматкерин атып өлтүрдү


Египет полициясы
Египет полициясы

Египет борбору Каирдин түндүгүндө жайгашкан Садат шаарынын көзөмөл-өткөрүүчү бекетиндеги эки полиция кызматкери ок атышуудан набыт болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Египеттин бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Ички иштер министри маалымдагандай, мамлекеттик номуру жок унаанын ичиндеги үч киши полициячыларга ок чыгарган. Натыйжада үч офицер жана эки адам жарадар болуп, ооруканага жеткирилген.

Азырынча куралдуу чабуул үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек жана тийиштүү бийлик органдары тергөө иштерин жүргүзүүдө.

2013-жылы исламчыл президент Мухаммад Мурси кызматтан кеткен бери Египетте негизинен күч кызматкерлерине каршы багытталган чабуулдар орун алып келүүдө. Чабуулдар ушул күнгө чейин жүздөгөн полиция кызматкерлеринин жана аскерлердин өмүрүн алган. Алардын көбү өлкөнүн түндүгүндөгү Синай жарым аралында болуп келет.

XS
SM
MD
LG