Линктер

Орус активисти Украинадан башпаанек сурады


Роман Рословцев Москвада нааразылык акциясын уюштуруу учурунда

Роман Рословцев Москвада нааразылык акциясын уюштуруу учурунда

Орусиялык жарандык активист Роман Рословцев Украина бийлигинен саясий башпаанек сурады. ФСБ ага карата куугунтугун токтотпогонунан улам, ал Орусияда өзүнүн ишмердигин уланта албасын билдирген. Бул тууралуу "Азаттыктын" орус кызматынын кабарчысы маалымдады.

Украинанын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы Олег Слободян Украинанын миграция кызматы Рословцевдин өтүнүчүн канааттандырганын "Дождь" телеканалына билдирди.

Роман Рословцев президент Владимир Путиндин маскасын кийип алып пикет уюштуруп жүргөндө аны коомдук иш-чараларды уюштуруу эрежелерин бузгандыгы үчүн бир нече жолу Москванын укук коргоо кызматкерлери камакка алышкан.

XS
SM
MD
LG