Линктер

Иракта "Ислам мамлекети" терорчул тобунун 36 мүчөсү дарга асылды


2014-жылы бир нече аскерлерди мыкаачылык менен өлтүргөндүгү үчүн айыпталган, өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган терорчул топтун 36 мүчөсү дарга асылды.

ИМ Тикрит шаарындагы аскердик базаны 2014-жылы басып алганда 1700 аскерди туткунга алган. Кийинчерээк интернетте террорчул топтун өкүлдөрү аскерлерди мыкаачылык менен атып, өлтүрүп жаткан сүрөттөр пайда болгон.

2015-жылы Ирактын аскерий күчтөрү Тикритти кайра бошотуп алган соң ИМ терорчул топтун бир нече мүчөлөрү камакка алынган. Аларды ушул жылдын башында Ирактын соту өлүм жазасына тарткан.

Тикрит шаарындагы массалык өлтүрүүлөр ИМдин Ирактын аймагына кирип келгенден берки эң чоң кылмышы катары сыпатталып келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG