Линктер

Эгерде америкалык аскерлер Сирияда орустардын же өкмөт аскерлеринин бомбалоосуна туш болсо, АКШ аларды коргоого алат. Бул тууралуу 21-августта Американын Сириядагы аскерлеринин колбашчысы Стивен Таунсенд маалымдады. Анын айтуусунда, АКШ тарап өздөрүнүн аскерлери турган жерлер тууралуу маалыматты Орусияга берди. Ал эми Орусия ушул эле маалыматты Сириянын өкмөттүк аскерлерине берди, деп ишенет Таунсенд.

Мурдарак Асаддын күчтөрү Хасаке шаарындагы күрттөр көзөмөлдөп турган аймактарды бомбалаган эле. Ал жерде террорчулукка каршы күрттөр менен кызматташып жүргөн америкалык инструкторлор да соккунун алдында калышкан.

XS
SM
MD
LG