Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:53

Өзбекстан-Кыргызстан чек арасы убактылуу жабылды


Кыргызстан-Өзбекстан чек арасы.

Кыргызстан-Өзбекстан чек арасы.

Чек ара Өзбекстан тараптын демилгеси менен Эгемендүүлүк майрамынын алдында, 22-августтан тарта убактылуу жабылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Ага ылайык, кыргызстандык жарандар Өзбекстанга, өзбекстандык жарандар Кыргызстанга кире алышпайт. Бирок чек ара жабылганга чейин коңшу мамлекетке киргендер кайра чыга алышат.

Ал эми үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары, дипломаттык корпустун кызматкерлери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү тиешелүү шарттардын негизинде бир өлкөдөн экинчи өлкөгө кирип-чыгып жүрө алышат.

Өзбекстанда Эгемендик күнү 1-сентябрда белгиленет. Кыргызстандын көз карандысыздыкка ээ болгон күнү 31-августта майрамдалат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG