Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Сөз эркиндигин коргоо комитети кайрылуу жасады


Журналист Дайыр Орунбеков.
Журналист Дайыр Орунбеков.

Соз эркиндиги комитетин расмий бийлик өкүлдөрүнө жолдогон кайрылуусунда журналист Дайыр Орунбековду андууга алган милиция кызматкерлерине кылмыш ишин ачуу сунушталган. Сѳз эркиндигин коргоо комитети Конституция ар бир жарандын эркиндигин жана жеке турмушунун кол тийбестигин кепилдешин белгилеп, журналист Дайыр Орунбековдун жеке жашоосуна милиция кызматкерлери тарабынан ѳзүм билемдик менен негизсиз кийлигишкени Башмыйзамды бузуу катары айыпталган. Ошондой эле анда милиционерлер эмне себептен, кандай максатта Дайыр Орунбековду жана анын үй-бүлѳсүн байкоого алып жаткандыгы тууралуу суроо берилип, мындай жашыруун байкоо ыкмалары мыйзамсыз жана негизсиз деп айтылат. Сѳз эркиндигин коргоо комитети Дайыр Орунбековго карата тартип коргоо органдарынын мыйзамсыз иш-аракеттерин токтотууну жана Орунбеков тууралуу маалыматтарды мыйзамсыз түрдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, чогулткандыгы үчүн ал кызматкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылган.

Журналист Дайыр Орунбеков аны белгисиз адамдар аңдууга алганын, кийинчерээк алар ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери болуп чыкканын билдирген. Ички иштер министрлиги журналисттин айткандары текшерилип жаткандыгын кабарлаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG