Дем алыш күндөрү Кыргызстандын Улуттук банкы валюта базарында интервенция өткөрүп, 7 млн. долларга чукул акча сатып алды. Бул тууралуу кабар башкы банктын расмий сайтында жарыяланды.
Акыркы жолу башкы банк бир ай мурун 8,2 млн. доллар сатып алган. Ал эми жыл башынан бери валюта рыногунда 24 жолу интервенция жасалып, жалпысынан 167 млн. доллар сатып алынган. (SDz)