Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

CAS Иззат Артыковдун доо арызын караган жок


Иззат Артыковду "Манас" аба майданында тосуп алуу.
Иззат Артыковду "Манас" аба майданында тосуп алуу.

Спорттук арбитраждык сот өзүнүн расмий сайтында Кыргызстандын оор атлетчиси Иззат Артыковдун апелляциялык арызы каралбай турганын маалымдады.

Ошол эле учурда Артыковго тыюу салынган дары-дармектин канында кандайча пайда болуп калганын далилдөөгө мүмкүнчүлүк берилет. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтуусунда, 22-августка караган түнү спорттук арбитраждык соттун жабык жыйынына Аманкулов Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов экөө катышкан.

- Бишкекке барганда оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу, федерация өкүлдөрү менен биргеликте өзүбүздүн сунушубузду жазабыз. Тилекке каршы, мен ойлойм, далилдөө өтө кыйын болуп калды. Бирок ага карабастан, колдон колдон келген аракеттердин бардыгын жасайбыз, - деди Канат Аманкулов.

10-августта оор атлетчи Иззат Артыков коло медаль тагынып, Кыргызстандын эсебине жалгыз байге алып кайткан эле. 18-августта Эл аралык спорттук арбитраж соту Артыковдун кызытма колдонгону аныкталды деген жүйө менен анын жеңишин жокко чыгарды. Иззат Артыков допинг колдонгон деген айыпты четке кагууда. (ECh\SDz)

XS
SM
MD
LG