Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

Өкмөт башчы ипотеканы 10 пайызга түшүрүүнү сунуштады


Курулуш.
Курулуш.

“Жеткиликтүү турак жай” долбоорунун алкагында ипотека аркылуу үйлөрдүн пайыздык үстөгүн 10 пайызга түшүрүү керек. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн өкмөттүн отурумунда билдирди.

- Каржы министрлиги жакынкы убакта пайыздык үстөктү азайтуу боюнча өз сунушун берип, күрөө жана баштапкы төлөм тууралуу жол жобону башынан иштеп чыгышы керек. Ипотекалык турак жай жөнөкөй эле үчүн жеткиликтүү болушу керек, – деди премьер.

Өкмөттүн “Жеткиликтүү турак жай” программасына ылайык 2020-жылга чейин 3 миллион сомго чейин насыя берилип, ал 14 пайыздык үстөктү камтыган. Бирок үй алуучулар арасында насыя кымбат экенин айтып, 10 пайыз адам ипотекадан кайра баш тарткан учурлар катталган. (SDz)

XS
SM
MD
LG