Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан Аксы районундагы Үңкүр-Тоодогу соңку окуяга байланыштуу кошумча күч жөнөтүлүп жатканын “Азаттыкка” кабарлашты.
Чек ара кызматы бүгүн Өзбекстан Үнкүр-Тоолодогу такталбаган жерге тик учак менен жети милиция кызматкерин алып келип таштап кеткенин маалымдады. Бул окуя боюнча тараптар сүйлөшүү жүргүп жатканын билдирди.
Расмий Бишкек менен Ташкенттин ортосунда Үңкүр-Тоого байланыштуу үч жыл мурун маселе чыккан. 2013-жылы 22-сентябрда тик учак менен учуп келген өзбек чек арачылары телерадио сигналдарын таратуучу станцияга күтүүсүз кирип барган. Кийин аларды кыргыз тарап артка кайтарган.
Өзбекстан Кыргызстандын антенналары 2007-жылдан бери мыйзамсыз турат деп доомат койгон. Кыргызстан болсо жер тактала электигин, өкмөттөр аралык комиссия иштеп жатканын билдирген.
Быйыл жазында кыргыз өкмөтүнүн Үңкүр-Тоого байланышкан токтомун боюнча чуу чыккан.(EBM)