Линктер

АКШ жана Түштүк Корея чыңалган региондо аскерий машыгуу баштады


Машыгуу

Машыгуу

22-августта башталган машыгууга АКШдан 25 миң, Түштүк Кореядан 50 миң аскер катышат. Машыгуулар 2-сентябрга чейин созулат. Түндүк Корея эгерде Вашингтон жана Сеул тараптан агрессия байкала турган болсо, алдын ала “ядролук сокку” ураарын билдирген.

Бул машыгуулар алдында Түндүк Кореянын Лондондогу элчигинин жогорку даражалуу кызматкери Түштүк Кореяга качкан эле. Түндүк Кореянын маалымат каражаттары аны кылмышкер жана “адам кейпиндеги айбан” деп сыпаттаган. Пхеньян быйылкы жылы төрт жолу ядролук куралын сынап, узак аралыктагы ракеталарын аткан. Бул Түндүк Кореяга карата Бириккен Улуттар Уюмунун санкцияларды катаалдантуусуна алып келди. (AiT)

XS
SM
MD
LG