Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:57

Үңкүр-Тоо: Кыргыз-өзбек чек арачылары жолугушат


Үңкүр-Тоонун Кербен шаарынан көрүнүшү
Үңкүр-Тоонун Кербен шаарынан көрүнүшү

Сүйлөшүүлөр облустук чек ара кызматынын жетекчилеринин деңгээлинде өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынан кабарлашты. Саат 17:00гө белгиленген жолугушууда Үңкүр-Тоодогу кырдаал талкууга алынып, кыргыз тарап өзбек кесиптештеринин аракети боюнча түшүндүрмө талап кылмакчы.

Бүгүн Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймакка, Өзбекстан тик учак менен жети милиция кызматкерин жайгаштырган. Учурда Аймактагы кырдаалды Мамлекеттик чек ара кызматы тыкыр көзөмөлгө алып турат.

Расмий Бишкек менен Ташкенттин ортосунда Үңкүр-Тоого байланыштуу үч жыл мурун маселе чыккан. 2013-жылы 22-сентябрда тик учак менен учуп келген өзбек чек арачылары телерадио сигналдарын таратуучу станцияга күтүүсүз кирип барган. Кийин аларды кыргыз тарап артка кайтарган.

Өзбекстан Кыргызстандын антенналары 2007-жылдан бери мыйзамсыз турат деп доомат койгон. Кыргызстан болсо жер тактала электигин, өкмөттөр аралык комиссия иштеп жатканын билдирген.

Быйыл жазында кыргыз өкмөтүнүн Үңкүр-Тоого байланышкан токтомун боюнча чуу чыккан. (SDz)

XS
SM
MD
LG