Линктер

Түркия: Сирия менен чек ара толук тазаланыш керек


Газиантептеги жардыруудан кийин.

Газиантептеги жардыруудан кийин.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 22-августтагы билдирүүсүндө, Түркиянын Сирия менен чектеш райондору “Ислам мамлекети” аталган экстремисттик уюмдан толук тазаланыш керектигин белгиледи. Түрк бийлиги 20-августта Сирия чек арасына жакын өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарындагы жардырууну “Илам мамлекети” аталган уюм уюштурганын билдирген.

Газиантепте той болуп жаткан жерде жардыруудан 51 киши курман болуп, ондогондор жарадар болгон. Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган 21-августтагы билдирүүсүндө, Түркиядагы жардырууларды “Ислам мамлекети” аталган топ жана Күрт жумушчу партиясы уюштуруп жатканын, алар менен гүленчилердин айырмасы жок экенин белгилеген. (AiT)

XS
SM
MD
LG