Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:42

Кыргыз-өзбек чек арачыларынын жолугушуусу башталды


Сүйлөшүүлөр райондук чек ара кызматынын жетекчилеринин деңгээлинде өтүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты.

Ага ылайык, Кыргызстан тараптан Чек ара кызматынын Ала-Бука багыты боюнча өкүлү Бакытбек Жангазиев катышууда. Азырынча сүйлөшүүлөрдүн мазмуну тууралуу так маалымат жок. Мурдараак жолугушууда Үңкүр-Тоодогу кырдаал талкууга алынып, кыргыз тарап өзбек кесиптештеринин аракети боюнча түшүндүрмө талап кылары кабарланган.

22-августта Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймакка, Өзбекстан тик учак менен жети милиция кызматкерин жайгаштырган. Учурда Аймактагы кырдаалды Мамлекеттик чек ара кызматы тыкыр көзөмөлгө алып турат.

Расмий Бишкек менен Ташкенттин ортосунда Үңкүр-Тоого байланыштуу үч жыл мурун маселе чыккан. 2013-жылы 22-сентябрда тик учак менен учуп келген өзбек чек арачылары телерадио сигналдарын таратуучу станцияга күтүүсүз кирип барган. Кийин аларды кыргыз тарап артка кайтарган.

Өзбекстан Кыргызстандын антенналары 2007-жылдан бери мыйзамсыз турат деп доомат койгон. Кыргызстан болсо жер тактала электигин, өкмөттөр аралык комиссия иштеп жатканын билдирген.

Өткөн аптада райондогу Орто-Токой суу сактагычын кайтарган өзбек милиционери Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз, куралчан кирип келгени үчүн кармалган эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG