Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Өзбек тарап кармалган милиционерин бошотууну талап кылды


Кыргызстан тарап жолугушууда Үңкүр-Тоодогу кырдаал талкууга алынып, кыргыз тарап өзбек милиция кызматкерлеринин аракети боюнча түшүндүрмө жана алардын тез арада аймакты бошотуусун талап кылды.

Ал эми Өзбекстан тараптын өкүлү 13-августта Орто-Токой суу сактагычынын жанынан кармалган өзбек милиционерин бошотууну жана аталган суу сактагычтан Кыргызстандын милиция постун алып салууну талап кылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.

Жолугушуунун аягында тараптар бул талаптарды өз өлкөсүнүн тиешелүү органдарына жана бийлик түзүмдөрүнө жеткирүүнү сүйлөштү.

Учурда кыргыз-өзбек чек арасында кырдаал туруктуу. Мамлекеттик чек ара кызматы аймак толук көзөмөлдө экенин маалымдоодо.

13-августта Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычынын суу бөлүштүрүүчү жеринде кароолдо турган өзбек милиционери тиешелүү чек арадан курал көтөрүп чыкканы үчүн кармалган эле.

Кыргыз өкмөтү быйыл май айында совет заманынан бери Өзбекстан пайдаланып келген 12 объектти толугу менен өлкө менчигине өткөрүп алган. Тизме башында Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычы турат. Расмий маалымат боюнча суу сактагычтын суу бөлүштүрүүчү жерин өзбекстандык милиционерлер, калган бөлүгүн кыргызстандык милиционерлер кайтарат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG