Линктер

Армениянын Апелляциялык соту курал менен кармалгандардын арызын канааттандырган жок


17-июлда куралдуу адамдардын тобу Ереванда полиция имаратын басып алып, аны эки жума бою кармап жатышкан. Андан кийин 31-июлда полициянын колуна өз эрктери менен түшүп беришкен. Алар барымтага алуу, мыйзамсыз курал сактоо жана алып жүрүү боюнча айыпталган.

Кармалгандардын адвокаты Мушег Шушанян алардын баарына бирдей айып коюлганын, ким эмне кылганы так көрсөтүлбөгөнүн айтып, муну саясий чечим деп баалаган. Апелляциялык соттун арызды канааттандырбашын негизсиз деген Шушанян аны жокко чыгаруу үчүн кайрыларын 22-августта билдирген. Полиция имаратын басып алган “Сасна црер” деп аталган куралдуу топтун мүчөлөрү президенттин кызматтан кетишин жана оппозиция лидери Жирайр Сефилянды бошотууну талап кылышкан. (AiT)

XS
SM
MD
LG