Бул тууралуу “Азаттыкка” ички иштер органдарындагы ишенимдүү булактардан маалымдашты. Ага ылайык, 13-августта чек араны мыйзамсыз, куралдуу басып өткөнү үчүн кармалган өзбекстандык милиционердин ишин Ала-Бука райондук соту карап, ага 20 миң сом айып пул салган.
22-августта Өзбекстан тик учак менен жети милиция кызматкерин Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймакка түшүргөн. Көп өтпөй, кыргыз-өзбек чек арачылары Аксы районунда жолугушкан. Кыргыз тарап Өзбекстандан Үңкүр-Тоого өзбек милициясынын келишине түшүндүрмө сурап, аларды тез арада алып чыгып кетүүнү сураган. Ал эми өзбек тарап 13-августта Орто-Токой суу сактагычынын аймагында мыйзамсыз, куралчан жүргөнү үчүн кармалган өзбекстандык милиционерди бошотууну жана суу сактагычтын аймагынан кыргызстандык милиция постун алып салууну талап кылган эле.(EBM;ZKo)