Линктер

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Австриядагы түрк элчиси Вена менен мамилени карап көрүү үчүн кеңешүү максатында чакырылганын билдирди. Түркиянын тышкы иштер министрлиги Австриянын Анкарадагы элчисин да чакырып, анда Венада “Күртстан жумушчу партиясын” колдоп өткөн митинг тууралуу түшүндүрмө сураганын Рейтер агенттиги жазды. Аталган партия Түркияда, АКШда жана Европада террордук топ деп таанылган.

Түркиянын мамлекеттик Анадолу агенттиги 20-августта Венада 500 чамалуу киши катышкан митинг болгонун, анда президент Режеп Эрдоганга каршы чакырыктар айтылганын жазды. Ал эми австриялык маалымат каражаттары митингде Түркиядагы адам укуктарынын бузулушуна каршылык билдирилгенин маалымдашты.

XS
SM
MD
LG