Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:48

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сеитов билдирди. Анын айтуусунда, 22-августта тик учак менен Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймакка түшүрүлгөн жети өзбек милиция кызматкери ошол жерде кала берүүдө.

Кечээ кечке жуук ички иштер органдарындагы ишенимдүү булактар 13-августта чек араны мыйзамсыз, куралдуу басып өткөнү үчүн кармалган өзбекстандык милиционер бошотулганын кабарлашкан. Бакыт Сеитов бул маалыматты тастыктап, 13-августта Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз түрдө, куралдуу басып өткөнү үчүн кармалган милиционер жергиликтүү соттун чечими менен бошотулганын билдирди:

-Өзбекстандын Наманган облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерин сот 20 миң сом айыппулга жыгып, бошотту. Ал милиционер өзүнүн жерине кайтарылды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, учурда кыргыз-өзбек чек арасында кырдаал туруктуу, аймак көзөмөлдө турат.

22-августта Өзбекстан тик учак менен жети милиция кызматкерин Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймакка түшүргөн. Көп өтпөй, кыргыз-өзбек чек арачылары Аксы районунда жолугушкан. Кыргыз тарап Өзбекстандан Үңкүр-Тоого өзбек милициясынын келишине түшүндүрмө сурап, аларды тез арада алып чыгып кетүүнү талап кылган . Ал эми өзбек тарап 13-августта Орто-Токой суу сактагычынын аймагында мыйзамсыз, куралчан жүргөнү үчүн кармалган өзбекстандык милиционерди бошотууну жана суу сактагычтын аймагынан кыргызстандык милиция постун алып салууну талап кылган эле.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG