Линктер

Сузакта жер көчкүдөн жабыркагандар жер бөлүп берүүнү талап кылышууда


Алмалуу-Булактагы жер көчкү, 27-апрель, 2016-жыл.

Алмалуу-Булактагы жер көчкү, 27-апрель, 2016-жыл.

Райондук мамлекеттик акимчиликтин алдына чогулган Алмалуу-Булак айылынын тургундары район акимине жолугуп, там салууга жер бөлүп берүүнү талап кылышты. Жер көчкү жүргөн айылда быйыл апрель айынан бери 150 үй-бүлө чатырларда жана туугандарынын үйүндө жашап жатышат. "Ушул күнгө чейин бизден кабар алган адам жок, кышкысын кайда барып жашайбыз", дешти чогулгандар.

Район акими Абдимуктар Маматов 35 гектар жерди трансформациялоо маселеси чечилбей жатканын айтып, жашоочуларды сабырдуулукка чакырды. Өкмөттөн жерди мыйзамдаштыруу иши бүткөн соң гана участок берилерин убада кылды.

Ушул жылдын апрель айында Алмалуу-Булак айылында жер көчкү жүрүп 4 үйдү жана бир адамды басып калган. Ошондон кийин 150 үй жараксыз деп табылып, айылга электр энергиясын берүү токтотулган.(RsK)

XS
SM
MD
LG