Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

Эсеп палатасы Орус драма театрын иликтеп чыкты


Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын айланасындагы ижарага алынган соода жайлар боюнча Эсеп палатасы иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык имараттан соода орунун алган алты адам узак убакыттан бери ижара акысын төлөбөй келүүдө. Натыйжада 8,2 млн сом ижара акысы азыркыга чейин төлөнө элек. Бул акчалардан 2,5 млн сому мамлекеттин бюджетин эсебине которулушу керек эле.

Иликтөөнүн жыйынтыгы менен Эсеп палатасы тийиштүү чараларды көрүү өтүнүчү менен өкмөт, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жана театрдын жетекчилигине кат жөнөттү. Ал эми аудиттин жыйынтыгы УКМКга берилди.

Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын имаратынын капталы ар кандай соода жана кызмат көрсөтүү жайлары катары 2013-жылдан бери ижарага берилип келет. (SDz)

XS
SM
MD
LG