Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

Кармалган Өзбекстан милициясы өткөрүлүп берилди


Үңкүр-Тоо.
Үңкүр-Тоо.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлагандай, эки өлкөнүн чек ара кызматынын жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Анын натыйжасында эки тарап абалдын жайгарылышына кызыкдар экендигин билдиришти.

Учурда Өзбекстандын милиция кызматкерлери Үңкүр-Тоонун такталбаган аймагынан чыгарыла элек. Өзбек тарап Орто-Токой суу сактагычынын жанындагы милиция постун алуу талабын коюп жатканы маалым болду.

Ал арада 13-август күнү кыргыз чек арачылар тарабынан кармалган Өзбекстандын милиция кызматкери 22-августта Ала-Бука райондук соту тарабынан айыппул салуу менен бошотулуп, өзбек тарапка өткөрүлүп берилди.

Окуяны жеринде координациялоо максатында Ала-Букага Башкы штабдын начальниги, Чек ара кызматынын биринчи орун басары, полковник Бакыт Жылтыров жөнөп кетти.

22-августта Өзбекстан тик учак менен жети милиция кызматкерин Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймакка түшүргөн. Кыргыз тарап Өзбекстандан Үңкүр-Тоого өзбек милициясынын келишине түшүндүрмө сурап, аларды тез арада алып чыгып кетүүнү талап кылган. (SDz)

XS
SM
MD
LG