Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Мамлекеттин карызын тейлөөгө 20 млрд. сом бөлүнөт


Кыргызстандын каржы министри Адылбек Касымалиев.
Кыргызстандын каржы министри Адылбек Касымалиев.

Бул тууралуу Каржы министри Адылбек Касымалиев 2017-жылдын республикалык бюджетин талкуулоо учурунда билдирди. Анын айтуусунда, жалпы карыздарга төлөө үчүн 20 млрд. сомдон ашык каражат каралса, анын 11 млрд сомдон ашыгы тышкы карыздарды жабуу үчүн жумшалат. Ал эми 9 млрд. сомго чукул акча ички карыздарга бөлүнмөкчү.

- Келе жаткан жылы мамлекеттин карызын тейлөөгө 20,1 млрд. сом бөлүнсө, 2018-жылы 26,9 млрд. сом, ал эми 2019-жылы 29,2 млрд. сом багыттоо пландалууда,- деп айтты Касымалиев.

2017-жылдын бюджетинин долбооруна ылайык, ички дүң продукуциянын өсүшү 2,9 % жетип, бюджеттин тартыштыгы 23 млрд сомдон ашат. (SDz)

XS
SM
MD
LG