Линктер

Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабанов бир тандемге биригип жаткан боюнча сөздөр саясый жоромол гана болушу мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзү билдирди.

Текебаев ар кандай саясый конфигурациялар болушу мүмкүндүгүн четке чыгарган жок, бирок кандайдыр бир альянс түзүү азырынча эрте экенин кошумчалады.

Буга чейин айрым маалымат булактары “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен “Республика - Ата Журт” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов биригип, 2017-жылдагы шайлоого бир бараткандагы тууралуу маалыматтар чыккан эле.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG