Линктер

Кыргыз-тажик чек ара бекеттери автоматташтырылат


Кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө бекеттерди автоматташтыруу боюнча долбоор ишке ашырылууда. Аны Борбор Азия экономикалык кызматташуу программасынын чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү долбоорунун алкагында Азия өнүктүрүү банкы каржылайт.

Аталган банктан “Азаттыкка” кабарлашкандай, Кыргызстандагы “Карамык” жана Тажикстандагы “Гүлистан” чек ара бекеттерин автоматташтыруу каралып жатат. Анын алкагында, аталган өткөрмө бекеттерин бирдиктүү терезе принцибининин негизинде маалымат алмашууга шарт түзүлөт.

Долбоор өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнү жакшыртуу максатында ишке ашырылмакчы. (BkA)

XS
SM
MD
LG