Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:39

Ларижани: Орусия Ирандын аскерий базасын пайдаланууну токтоткон жок


Орусия учактары бомбалаган жер
Орусия учактары бомбалаган жер

Орусия Сириядагы аба чабуулдары үчүн Ирандын аскерий базасын пайдаланууну токтоткон жок. Бул тууралуу бүгүн Ирандын парламент төрагасы Али Ларижани билдирди.

- Учактар токтогон жок. Иран менен Орусия террорчулукка каршы күрөштө бири-бирине өнөктөш. Тегеран менен Москва Сирия президенти Башар Асаддын тарапкери. Биз Хамадандагы базабызды орус тарапка өткөрүп берген жокпуз. Алар аны учактарга май куюу үчүн гана пайдаланууда, - деди бүгүн парламентте сүйлөп жатып спикер Ларижани.

Өткөн аптада Орусиянын алыска жетип бомбалоочу учактары Ирандын Хамадан аэродромунан учурулуп, Сириядагы согушкерлерди бомбалап жатканы, Тегеран менен Москва жаңы аскерий келишим түзгөнү кабарланган.

Ал эми кечээ, 22-августта Ирандын Тышкы иштер министрлиги "Орусия Хамадан аба базасын колдонууну токтотту" деп билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG