Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Керри АКШ менен Орусиянын Сирия боюнча сүйлөшүүлөрү аяктап калганын билдирди


Жон Керри
Жон Керри

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Кошмо Штаттар менен Орусия Сирияда өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топко каршы кызматташтыгы боюнча сүйлөшүүлөрүн жыйынтыктап калганын билдирди.

- Биз азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Аяктаарга жакындап калдык. Бир апта ичинде жыйынтыгына жараша биздин өкүлдөр жолугушат деп үмүттөнөм. "Сириядагы акылсыздык" өтө тереңдеп кетти, - деди Керри Найробиде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Кениянын борбору Найробиге АКШнын мамлекеттик катчысы иш сапар менен барган.

Керринин айтуусунда, Дамасктагы режимди колдогон Орусия менен Иран жана оппозицияны колдогон АКШ менен бир катар Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү бирге отуруп, согушту токтотуу жолдорун издеши керек. (RK)

XS
SM
MD
LG