Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

Майкл Блумберг Дүйнөлүк саламаттык уюмуна элчи болду


Майкл Блумберг.
Майкл Блумберг.

Нью-Йорктун мурдагы шаар бачысы Майкл Блумберг жугуштуу эмес оорулар боюнча Дүйнөлүк саламаттык уюмунун элчиси болуп дайындалды. Жүрөк, кан тамыр, инсульт, рак, диабет жана өнөкөт дем алуу ооруларынан жылына дүйнөдө 43 миллион киши көз жумат. Бул жалпы өлүмдүн 80 пайызына барабар. Ошондой эле 1,25 миллион киши жол кырсыгынан каза табат. Алардын көбү 15 жаштан 29 жашка чейинкилер.

Блумберг буга чейин аталган уюмдун чылымды көзөмөлдөө жана кырсыктын алдын алуу бөлүмүндө иштечү. Эми жаңы кызматында ал аралык деңгээлде жогоруда саналган дарттардын алдын алуу жана дарылоо боюнча иш алып бармакчы. (BCh)

XS
SM
MD
LG