Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:49

Армения орус аскерин өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратты


Валерий Пермяков

Валерий Пермяков

Арменияда орус аскери Валерий Пермяков жети адамдан турган үй-бүлөнүн өлүмүнө айыптуу деп өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилди.

Гюмри шаарындагы кандуу окуяга байланыштуу Армения Пермяковду "массалык адам өлтүрүү" беренеси боюнча соттоду.

Ал эми Гюмридеги аскерий базанын орусиялык гарнизондук соту аны былтыр август айында "аскерден качуу, курал-жаракты уурдоо жана мыйзамсыз алып жүрүү" деген беренелердин негизинде 10 жылга эркинен ажыратууну чечкен.

Аветисяндардын үй-бүлөсү, анын ичинде эки наристеси былтыр январь айында өлтүрүлгөн. Орус аскери күнөөсүн толугу бойдон моюнуна алган. Бирок эмне себептен мындайга барганы белгисиз.

Айрым маалымат булактары жазганына караганда, ал психикалык жактан жабыркаган болушу ыктымал.(RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG