Линктер

Казакстанда террорчулукка шектелип кыргыз жараны кармалды


18-августта Казакстандын күч кызматынын атайын операциясынын жыйынтыгында кармалган төрт адамдын бири Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну экенин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Ал 1976-жылы туулгандыгы айтылат.

Казакстандын коопсуздук кызматы тараткан маалыматка ылайык, кармалгандардын жашаган жерин тинткен учурда колго жасалган жарылуучу зат, диний экстремисттик материалдар табылган. Алар Казакстандын күч түзүмдөрүнүн объекттерине куралдуу кол салууну уюштурмак болуп жатышкан деген шек менен 18-августта кармалган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кошумчалагандай, төрт адамга Казакстандын кылмыш кодексинин “террористтик топту түптөө, уюштуруу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. (SDz)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG